Кыргызстандык студенттер Кытайга виза ала албай жатышат

Кытай элчилигинин алдында турган студенттер. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кытайдагы окуу жайларына документ тапшырган отузга жакын кыргызстандык студент виза ала албай жатат. Бул тууралуу студенттердин бири Эркайым Кароолова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 30-октябрга чейин виза маселеси чечилбесе, ал окууга кире албай калышы ыктымал.

- Университеттен чакыруу кечирээк келип калды. Аны колубузга алган кезде элчилик жабылып калып, виза ала албай жатабыз. Элчиликке барсак "арыз жазгыла" деп жатат. Бир жумадан бери арыз жазып жатабыз. "Тышкы иштер министрлигине да жазгыла" дегенинен кечээ 13 студент барсак, кабыл албай коюшту. Кытайдын элчилиги жабык болгондуктан эч тактай албай жатабыз. Былтыр тил үйрөнгөнбүз, быйыл бакалавр программасы башталмак.

Буга чейин кыргыз ишкерлери Кытайга барыш үчүн элчиликтен уруксат кагаздарын алуу мүмкүн болбой жатканын билдирип чыккан.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон теракттан кийин кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотуп койгон. Ушул убакка чейин жарандарга виза берүү жанданбай жатканын бир катар туристтик фирмалардын өкүлдөрү билдирип келет. Бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл июнь айында Кытайдагы мамлекеттик сапарында да учкай сөз болгон. (КЕ)