Тулада полициянын мигранттарга кылган мамилеси сынга кабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тула шаарында мигранттардын жапырт кармалышы жана аларды туткундардай кылып тизип алып, полицияга алып бараткан күч түзүмдөрүнүн аракети социалдык тармактарда сынга алынды. 20-октябрда шаардагы аянттын жанындагы базарларда рейд жүргүзүлүп, ОМОНдун өкүлдөрү бир саатта 300дөй борбор азиялык мигрантты кармаган.

Тула облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын айтымында, рейдге мигранттардын балдары кармалып турган жай тууралуу маалымат түрткү болгон. Ал жерде ар түрдүү курактагы жеткинчектер ата-энелери жумуштан келгенче кармалып турары айтылды. Кармалгандар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени, арасында кыргызстандыктар болбогону кабарланды.