Гондурастык “мигранттардын кербени” АКШга жылып баратат

Гондурас дүйнөдө калктын санына карата киши өлтүрүү көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турат.

Борбордук Америкадан чыккан миңдеген мигранттар Мексика аркылуу АКШга жылып баратышат. Мексиканын бийлик өкүлдөрүнүн аларды токтотуу аракеттеринен майнап чыккан жок.

Болжол менен үч миң кишиден турган “мигранттар кербени” бир канча күн мурда Гондурастын Сан-Педро-Сула шаарынан чыккан. Аларды Мексиканын укук коргоо органдары Гватемала менен чек арадагы көпүрөдөн токтотушкан. Бирок алардын көбү суудан сүзүп же колго жасалган кайыктар аркылуу өз алдынча өтүп кеткен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мигранттарды АКШга жете электе токтотуу зарыл экенин айтып, мындай чара көрүлбөсө, аймактагы өлкөлөргө жардам берүүнү токтоторун эскерткен. Ошондой эле ал Мексиканын бийлиги мигранттар агымын токтотпосо, бул өлкө менен чек араны жаап саларын да айткан.

Мексиканын өкүлү БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгына кайрылып, качкын макамын алууга ниеттенген мигранттар менен иштешүүгө жардам сурап кайрылды. Алар бул иштер мигранттар кербенин токтотууга жардам берет деп эсептешет.

Мигранттардын көбү Гондурастын тургундары. Алар киндик каны тамган жеринен кетип жатканын жакырчылыктан жана кылмыштуу топтордун зордук-зомбулугунан тажашканы менен түшүндүрүшөт. Гондурас дүйнөдө калктын санына карата киши өлтүрүү көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турат.