Трамптын кеңешчиси Жон Болтон Москвага келди

Жон Болтон.

22-октябрда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон эки күндүк сапар менен Орусияга келди. Ал Москвада кесиптеши, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешти. Болтон ошондой эле тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президент Владимир Путин менен жолугушат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Болтонду кабыл аларын ырастады.

Болтондун сапары Вашингтон Орусия менен АКШнын ортосунда 1987-жылы кол коюлган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)" келишимден чыгууга ниеттенип жатканы айтылып жаткан учурга туш келүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 21-октябрда бул маселеде Москва Болтондон АКШнын президенти Дональд Трамптын “так позициясын тактоону күтүп жатканын” билдирди. Ал эгер Кошмо Штаттар келишимден бир тараптуу чыкса, "өтө кооптуу" болорун жана Орусия да “аскердик-техникалык жооп кайтарарын" эскертти.

АКШ "буга Орусия келишимде макулдашылган шарттарды бузганы себеп болууда" деп билдирүүдө. Вашингтондун көз карашында, Орусия Европада кичи аралыкта учкан өзөктүк жардыргычтарды ташый ала турган ракеталарын жайгаштыра баштаган.

Эки жума мурда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугуп жатып, эгер Орусия мындай иш-аракеттерин токтотпосо, Вашингтон орусиялык ракеталарга каршы чара көрө турганын билдирген.

Мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана кургакта жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салат.