Путин, Макрон, Меркел жана Эрдоган Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Идлибдеги качкындар лагерине бараткан балдар. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Орусиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 27-октябрда Стамбулда жолугуп, Сириядагы кырдаалды талкуулашат.

Жолугушуу Эрдогандын демилгеси менен уюштурулуп жатканын анын маалымат катчысы 19-октябрда билдирди. Буга чейин Сириядагы кырдаалды Түркия Орусия жана Иран менен гана талкуулап келген. Бул маалыматты Меркелдин кеңсесинен да ырасташты.

Тараптар Идлиб провинциясындагы гуманитардык катастрофаны болтурбоо жолдорун талкуулашат.

Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфердик аймак түзүш үчүн Түркия менен Орусиянын макулдашуусунда каралган мөөнөт 15-октябрда аяктады. Ага ылайык, Сириянын Идлиб провинциясында куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеде 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык аймак түзүлмөк. Демилитаризациялык аймакка көзөмөлдү Түркиянын бөлүктөрү, Орусиянын аскердик полициясынын мобилдүү топтору жүргүзмөк.

Жалпысынан Идлиб провинциясында, БУУнун эсебинде, үч миллиондой киши жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

БУУ буга чейин Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.