Орусиянын бийлиги "кара тизмеге" кирген кыргызстандык мигранттар үчүн “миграциялык ырайым” берүүгө макул болду. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров журналисттерге билдирди.
ТИМдин маалыматына караганда, "миграциялык кечиримди" 16-октябрдан 10-декабрга чейин колдонуп калыш керек. Ал үчүн Орусияда жүргөн кыргызстандыктар мекенине келип, андан соң миграция үчүн керектүү документтерин ыраатка келтирип алса болот.
Бирок Орусияда сот чечими менен "кара тизмеге" кирген мигранттар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт.
Расмий маалымат боюнча Орусиянын "кара тизмесинде" 70 миң кыргызстандык болсо, алардын 50 миңи соттун чечими менен депортацияланган.
Расмий маалымат боюнча, Орусияда жалпы жонунан 600 жүз миңден ашык мигрант эмгектенип жүрөт. Бирок алардын саны миллионго жакын экени айтылып келет. (BTo)