АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолукту.
Чавушоглу Анкарадагы жолугушууларды “пайдалуу жана жемиштүү” деп баалады, бирок анын башка чоо-жайын айткан жок. Помпео өзү да түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну тууралуу эч маалымат берген жок. Бирок Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө ал Түркиянын Жамал Хашоггинин жоголуусу боюнча иликтөөсүнө АКШнын жардамын сунуш кылганы айтылат.
Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Жамал Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен.
Түркиянын расмий адамдары журналист консулдуктун имаратында өлтүрүлүп, сөөгү ал жерден чыгарылып кеткен деген пикирин айтышкан. Бирок бул үчүн алар Садиянын бийлигин тикелей күнөөлөгөн эмес.
АКШнын мамлекеттик катчысы Түркияга келер алдында Эр-Риядда падыша Салман жана тагдыры белгисиз болуп жаткан журналист Хашогги кескин сынга алып жүргөн ханзаада Мухаммед бин Салман менен кездешкен.
Майк Помпеонун айтымында, ал сауд бийлиги журналисттин жоголушу боюнча иликтөө жүргүзүшү маанилүү экенине басым жасады.
- Алар муну жасай турганын билдиришти. Алар кылдат, толук жана ачык иликтөө болорун айтышты. Мунун жыйынтыгын биз баарыбыз көрөбүз. Алар иликтөөнүн жыйынтыгын бүткүл дүйнөгө көргөзүүгө милдеттенме алышты. Алар муну ыкчам жасай турганын да ишарат кылышты, - деди Помпео Эр-Рияддан кабарчыларга.
16-октябрда Түркиянын полициясы Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун имаратында сегиз саат тинтүү жүргүзүп, ал жерден ар кандай үлгүлөрдү алган. Бирок сауд консулунун турак-жайында күтүлгөн тинтүү азырынча боло элек.
Ал арада 17-октябрда Түркиянын өкмөтчүл медиасы "мекенинен кетүүгө аргасыз болгондон кийин АКШда жашап жүргөн Жамал Хашогги Саудиянын киши өлтүрүүчү тобу тарабынан жок кылынып, андан кийин денеси бөлүнгөн" деген маалыматтарды жарыялады. (UE)