Ошто эл эки көчөнүн жолун өзү жаңылап алды

Жолду асфальттоого акчаны эл чогултту.

Ошто жергиликтүү тургундардын чогулткан жеке каражатына эки көчө асфальтталды. Буга чейин тамтыгы чыгып, жүрүүгө жараксыз болуп калган Адышев көчөсүнө 100 метр асфальт төшөлүп, бул ишке 540 миң сом сарпталды.

Каражат топтоого жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаты жана аймактык кеңеш жардамдашты.

Мындан тышкары Шолохов көчөсүнө да 80 метр асфальт төшөлдү. Сарпталган каражаттын жалпы суммасы 390 миң сомду түздү. Бүткөрүлгөн жолдор пайдаланууга берилди. (MdN)