Идлибде буфердик аймак түзүүнүн мөөнөтү аяктап баратат

Идлиб провинциясынын чыгышындагы көзөмөл бекеттеринин бири. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Орусия менен Түркиянын макулдашуусуна ылайык, Сириянын Идлиб провинциясында куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеде быйылкы жылдын 15-октябрына карата 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык аймак түзүлүшү керек болчу.

Андан сырткары, 10-октябрга карата бул аймактан бардык оппозициячыл топтордун оор куралдары: танктар, ракеталык системалар, миномёттор, замбиректер чыгарылышы керек эле. Демилитаризациялык аймакка көзөмөлдү Түркиянын бөлүктөрү, Орусиянын аскердик полициясынын мобилдүү топтору жүргүзмөк.

Буга байланыштуу бүгүн Дамасктагы басма сөз жыйынында Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем Москва менен Анкаранын макулдашуусу кандай аткарылганын Орусия аныктай турганын билдирди.

"Анкара менен Москванын быйыл 18-сентябрда Сочиде түзүлгөн бул макулдашуусунун натыйжасында Сириянын Орусия жана Иран колдогон күчтөрүнүн Идлибге кое турган чабуулуна бөгөт коюлду" деп жарыяланган.

Анын алдында Идлибге аскердик сокку уруу “гуманитардык кыйроо” менен аяктай тургандыгын БУУ, Батыш өлкөлөрү, Түркия эскертип келген.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Аймакта азыр козголоңчулардын түрдүү топтору бар.

Жалпысынан Идлиб провинциясында, БУУнун эсебинде, үч миллиондой киши жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Улуттар уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

Сирияда 7,5 жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду. (UE)