Саудия опузаларга жооп берерин эскертүүдө

Тагдыры белгисиз болуп жаткан Жамал Хашогги.

Расмий Эр-Рияддын эскертүүсүнө караганда, эгер журналист Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу ага каршы санкция киргизилсе, ал да жооп катары чара көрөт.

Мамлекеттик SPA агенттиги тараткан билдирүүдө Саудия саясий жана экономикалык мүнөздө кандай “опуза” болбосун четке кагары, ар бир чарага “андан кубаттуу“ кылып жооп берери айтылды.

Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен. Түркиянын расмий адамдары журналист консулдуктун имаратынын ичинде саудиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөн деп эсептеп жатышканын айтышкан. Саудия болсо мындай версияларды четке кагууда. Журналисттин жоголушунан улам учурда Саудияга эл аралык кысым да күчөй баштады.

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Хашоггинин жоголушу үчүн Саудиянын өкмөтү жоопкер болсо, ал “катаал жазага” кабылат деп убада берди.

Британиянын, Франциянын, Германиянын тышкы иштер министрлери 14-октябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө саудиялык журналисттин жоголушу боюнча “ишенимдүү иликтөө” жүргүзүүгө чакырышты.

Ушул жекшемби күнү сауд падышасы Салман менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да телефондон сүйлөшкөн.

Түрк президентинин кеңсесиндеги расмий өкүлдүн “France-Presse” агенттигине айтканына караганда, эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүүдө Жамал Хашоггинин ишине аныктык киргизүүнү, тергөө иштери үчүн биргелешкен топ түзүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашкан. (UE)