"Эйр Манастын" Москва-Бишкек каттамы жөнгө салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Эйр Манас” авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамы боюнча жолго чыккан жүргүнчүлөрүн борбор калаага алып келди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна компаниянын башкы директору Талгат Нурбаев билдирди.

Жүргүнчүлөр 12-октябрда саат 22.00дө Москванын Домодедово аэропортунан Бишкекке бара турган 562 ZM рейси кармалып, 150 адам кете албай жатканын ишемби күнү “Азаттыкка” кабарлашкан.

14-октябрда учакты оңдоо үчүн Кыргызстандан керектүү тетик жөнөтүлгөн. (КЕ)