Талибдердин кол салуусунан 17 ооган жоокери набыт болду

Ооган көзөмөл бекеттеринин бири.

Талиб согушкерлери Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында эки көзөмөл бекетине чабуул жасап, кеминде 17 ооган жоокерин өлтүрүп, 11 кишини туткунга алышты. Дагы төрт киши жараат алганын Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Кол салуу 14-октябрга караган түнү болуп, талибдер бекеттеги курал-жарак жана ок-дарыларды алып кетишкен. Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аймакка кошумча аскерлер жиберилди.

Ушул эле күнү түштүктөгү Забул провинциясында да талибдер менен кагылышуу болуп, анда аймактык полициянын башчысы мерт болду.

"Талибан" эки чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, 20-октябрда өтчү шайлоого каршылык көрсөтөөрүн айтты.

13-октябрда шайлоого аттанган аял талапкер үгүт жүргүзүп жаткан учурда бомба жарылып, анда 22 киши набыт болгон. Ал чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким албаганы менен, аймакта талибдер жигердүү иштеп, буга чейинки чабуулдарды уюштуруп жүргөнүн билдиришкен.

Ооганстандын батышында куралчан киши талапкерлердин биринин үгүт кеңсесине кол салып, сакчы менен баланы өлтүрүп кеткен.