ЕБ Орусияга жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант, Вашингтон, 21-август, 2018.

Англиянын Солсбери шаарында нервди шал кылуучу каражатты колдонгону үчүн Орусияга жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу "The Telegraph" гезити жазды. Буга байланыштуу документке Европа биримдигинин министрлери 15-октябрда кол коюшу мүмкүн. Чектөө чаралары орус чалгын кызматында иштеген чиновниктерге киргизилмекчи. Аларга биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салынат жана чет өлкөдөгү эсептери тоңдурулат.

Санкция киргизүү демилгесин Сириядагы жана Англиядагы химиялык чабуулдан кийин Британия жана Франция көтөргөн. Британ Тышкы иштер министрлиги мындай санкция химиялык курал колдонгон өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү болорун билдирген.

Орусиянын мурдагы тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө Солсбери шаарында быйыл 4-мартта ууланып, ооруканага түшкөн. Лондон бул үчүн Орусияны айыптап келет.

Британ бийлиги Скрипалды Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын Руслан Боширов жана Александр Петров деген ысымдар менен жүргөн чалгынчы офицерлери ууландырган деп шек санайт.

Орусия дооматтарды четке кагып, "Боширов менен Петров чалгынчылар эмес" деп билдирет. Шек саналгандар өздөрү Солсбериге турист катары барганын айтышкан.