Лондон саудиялык аткаминерлерге санкция киргизиши мүмкүн

Стамбулдагы Сауд Арабиясынын элчилигинин алдындагы акция. Октябрь, 2018-жыл.

Британия журналист Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу саудиялык аткаминерлерге санкция киргизиши мүмкүн.

Бул тууралуу "Independent" гезити өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, тизмени өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги түзүп жатат. Ага илингендер “Магнитский мыйзамдарынын” алкагында санкцияга илиниши ыктымал.

Бир жума мурда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирип кеткен боюнча табылбай жаткан журналист Жамал Хашоггинин тагдыры дагы эле түкшүмөл суроолорду жаратууда.

10-октябрда түрк өкмөтүнө ыктаган “Сабах” гезити "саудиялык журналисттин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп, Сауд Арабиясынын 15 жаранынын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялады. Гезиттин жазганы боюнча, атайын агенттер же өкмөт өкүлдөрү катары мүнөздөлгөн бул кишилер Хашогги дайынсыз жоголгон 2-октябрь күнү эки чартердик учак менен Түркияга келишкен.

Хашогги өз макалаларында өзгөчө Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салманды сындап келген. Ал кезинде Саудиянын “Аль-Ватан” гезити сыяктуу бир катар маалымат каражаттарында жооптуу кызматтарды ээлеп турган.

Ошондой эле ал айрым бийлик өкүлдөрүнө да кеңешчилик кылып, Саудиянын падышалык үй-бүлөсүнө жакын журналист катары да мүнөздөлгөн учурлар болгон.

Бирок достору камакка алынып, “Аль-Хаят” гезитиндеги рубрикасы токтотулгандан кийин бир жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен. (КЕ)