Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусун сабап, ур-токмокко алган окуяны милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” ырастады.
- Учурда экспертиза дайындалып, тергөөчүлөр, ыкчам кызматкерлер текшерүү иштерин жүргүзө баштады. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу түрдө чечим кабыл алынат, - деди ал.
Аталган мектептин окуучусун жогорку класста окуган эки бала сабап, тишин сындырып, эрдин айрып салышканын анын апасы билдирген. Анын айтымында, баласы эсин жоготуп койгон. Учурда ал ооруканада. Балдар эмне үчүн сабаганын айтпай жатат. Дарыгерлер окуучунун мээси чайкалганын айтышкан. Баланын апасы Билим берүү башкармалыгын, ИИМ өкүлдөрүн бул окуяга көңүл бурууга чакырып жатат.
12-октябрда болгон мушташ Ленин райондук милициясында каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык кеңеши өзүнүн баяндамасын жарыялап, мектеп чөйрөсүндөгү зомбулук жана кыйноо дагы эле олуттуу маселе болуп жатканын билдирген. Аталган уюм мектептеги рекетчиликтен кылмышкер балдар өсүп чыгып жатканын белгилеген. (КЕ)