Аскер комиссариатынын кызматкери пара менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында аскер комиссариатынын Ж.А. аттуу кызматкери пара менен кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Суу районунун тургуну баласына аскердик билет жазып бериш үчүн кызматкер аял акча сурап жатканын айтып, Криминалдык милициянын түштүк аймактык башкармалыгына кайрылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө 5 миң сом пара алып жаткан жеринен 12-октябрда колго түшкөн. Маалыматка караганда, ал буга чейин 19 миң сом алган.

Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде (“пара талап кылуу”) кылмыш ишин козгоду. (КЕ)