13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,
Таласта түнкүсүн 2..7, күндүз 10...15,
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 14…16 градус болот.