Эсеп палатасы Чоң-Алай районундагы айыл аймактарынын 2016-2017-жылдар боюнча бюджетине аудит жүргүзүп, 7 млн. 893 миң сомдук каржылык мыйзам бузууну таап чыкты. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аудитте райондук акимчилик, Финансы министрлигинин Чоң-Алай башкармалыгы, Чоң-Алай, Жекенди, Кашка-Суу айыл аймактары жана Чоң-Алай районундагы аймактарды өнүктүрүү фонду камтылды.
Эң көп мыйзам бузуу материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын эсептен негизсиз чыгарууга байланыштуу болгон – анын суммасы 4 млн. 822 миң сомду түзгөн. Мындан сырткары, курулуш-оңдоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу аркылуу 2 млн. 221 миң сом дайынсыз кеткен.
Аудиттин материалдары укуктук баа бериш үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. (RK)