Кара жанын карч урган элеттик аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн үй-бүлөгө гана арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, аз-маз жүдөгөн, басынган... Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү айылдык аялдарга мына ушундай баа беришкен. БУУнун Өнүктүрүү программасы айылдык аялдарга карата коомдо калыптанып калган көз караштарды, башкача айтканда стереотиптерди аныктоо максатында изилдөө жүргүзгөн.