Кылычбек Султан: Президенттин эң акыркы жаңылыш чечими мен болоюн

Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тараткан маалыматтарды үстүртөдөн, бир тараптуу болуп калган деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Элчи мурдатан эле президенттин аппаратына көз каранды болгон Коопсуздук кеңеши анын маселесин калыс иликтээринен күмөн санаганын белгилеп, президентке мындай кайрылуу жасады:

- Эми президент бул нерсени такыр эле билбейт деп ойлобойм. Ошону билип туруп, кандайдыр бир деңгээлде колдоп атат. "Мага карата адилетсиз чечимиңиздин акыркысы мен болоюн" деген, президентке карата айткан жакшы каалоо тилегим.

11-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыгып, корутунду президенттин кароосуна киргизилген.

Текшерүү учурунда элчинин билдирүүсүндө, Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жүйөлөрүндө жана маалымат каражаттарында чагылдырылган ТИМдин системасындагы мыйзам бузуу фактылары орун алганы аныкталды. Ошол эле учурда изилдөөдө Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы аныкталган. Аталган кызматтан бошотулгандан кийин да Кылычбек Султан өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн “аккредитациялык карточкасын” өткөрүп бербегени да белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелери айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ошондой эле Кылычбек Султанды мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда “Супер”, “Супер кроссворддор”, “Супер сканворддор” гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгонун да сынга алган. Катчылык бул фактыларга укуктук баа бериш үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Анын билдирүүлөрүн текшерүүнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. (TSh)