Космоско бараткан кеме кырсыктап, экипаж артка кайтты

Алексей Овчинин жана Ник Хейг космоско учаар алдында.

Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулган "Союз" кемеси кырсыктап, астронавттар кайра кайтууга аргасыз болушту.

Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та кое берилген. "Интерфакс" агенттигинин кабарына караганда, кыймылдаткычтардын бири иштебей калган.

Экипаж мүчөлөрү – орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана НАСАнын астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула менен жерге түшкөн. Алар Эл аралык космос станциясына нөөмөткө баратышкан.