Трамп менен Путин Финляндияда жолугушу мүмкүн

Дональд Трамп менен Владимир Путин.

АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолушуусу кайрадан Финляндияда өтүшү мүмкүн.

"Helsingin Sanomat" аттуу жергиликтүү басылма Дональд Трамп менен Владимир Путин келерки жылдын жазында өтө турган Арктика саммитинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн экенин өз булагына таянып жазды.

Жергиликтүү басылма Трамп 6-ноябрда Путин менен жолушуу боюнча чечимин жарыялайт деп божомолдоп жатат.

Ушул жумада Кремлдин басма сөз кызматы эки өлкө лидеринин жолугушуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек экенин билдирген.

Сентябрь айында Трамп Путин менен кезигүүгө ниети бар экенин айткан эле. Бирок, Ак үй жолугушуунун мөөнөтү белгисиз экенин белгилеген.

Орусиянын президенти Путин Трампты Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарындагы БРИКС уюмунун саммитинде Москвага чакырган.

Трамп менен Путиндин акыркы жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде өткөн. (TSh)