Германияда болгариялык журналист Виктория Маринованын киши колдуу болгонун иликтеген иштин алкагында шектүү киши кармалды. Бул тууралуу "Nova" телеканалы өз булактарына таянып кабарлады.
Шектүүнүн ДНКсын талдай келгенде кылмыш болгон жерден алынган далилдерге дал келди. Болгариянын Русе шаарынын тургундары кармалган 21 жаштагы Северин Красимировду таанышканын айтышкан. Болгар полициясы анын аялын, эжесин кармады.
Менчик bTV телеканалы шектүүнүн батиринен Маринованын уюк телефону табылганын билдирди. Болгар медиасынын маалыматына караганда, Красимиров 7-октябрда Германияда жашаган энесиникине качып барган.
Азырынча өлкөнүн бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
30 жаштагы иликтөөчү журналист Виктория Маринованын сөөгү 6-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Русе шаарчасында, Дунай дарыясынын жээгиндеги парктан табылган.
Полиция журналист мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдирген. Ал сабалып, зордукталып, тумчуктурулганы маалымдалган. Тергөө иштеринде журналисттин жеке жашоосу менен кошо кесиптик ишмердигине да көңүл бурулары айтылган.
Виктория Маринова - Евробиримдик өлкөлөрүндө акыркы он эки айда киши колдуу болгон үчүнчү журналист.
Европа комиссиясы болгар өкмөтүнө “эркин басма сөз болмоюнча демократия жок” экенин эске салып, журналисттин өлүмүн ыкчам жана кылдат иликтөөгө чакырган.