Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен Ички иштер министрлиги коомчулуктан илбирстин териси менен сүрөткө түшкөн адамды табууга жардамдашууну суранышты.
Мекемелер тараткан билдирүүдө айтылгандай, сүрөт алардын "WnatsApp" номерине келип түшкөн. Эгер адамдын аты-жөнү аныкталса, ага мыйзамдык негизде чара көрүлөт.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2017-жылдан бери илбирсти мыйзамсыз кармагандарга 1,5 миллион сом айыппул салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралгандай, жандыкты туткандар же аткандар эки жылга чейин жатак абакка, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууга кесилиши мүмкүн. (ErN)