Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрында 168 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7% кемиди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өнөр жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева атайын басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өндүрүштүн артка кетишинин себеби металл рудаларынын (65,9%) жана баалуу металлдардын (8,9%) көлөмдөрүнүн азйаышы менен байланыштуу. Ал кошумчалагандай, кен өндүрүү негизинен "Кумтор" алтын кенинде азайган.
Буга чейин айтылгандай, өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү жыл башынан бери ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 19%ын түзгөн. Ал эми ИДӨнүн көлөмү жалпы тогуз айда 368,4 млрд. сомго жеткен. (ErN)