Түркмөн президенти ЖМКларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды

Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев.

Ашхабадда өткөн Азия – Тынч океан маалымат таратуу биримдигинин Башкы Ассамблеясынын жыйынында Гурбангулы Бердымухамедов аймакта ЖМКларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Сыйлык алганга чейин Бердымухамедов Азия – Тынч океан маалымат таратуу биримдигинин баш катчысы Жавад Моттаги, Индиянын мамлекеттик телеканалынын башкы директору Доордаршан Суприя Саху, Жпон маалымат таратуу корпорациясынын (NHK) президенти Риоичи Уэда менен жолуккан.

Ал арада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев түркмөн кызматтташын алган сыйлыгы менен куттуктады. Ал түркмөн президентинин ЖМК, телекоммуникация жана глобалдык маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө кошкон салымы дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганын белгиледи.

Түркмөнстанда эркин жалпыга маалымдоо каражаттары жок, эл аралык медиа менен кызматташкандар, анын ичинде “Азаттыктын” түркмөн кызматынан кабарчылары куугунтукка жана коркутуп-үркүтүүгө кабылып келет.

Түркмөнстан калктын маалымат алуу укугу чектелген, дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Эл аралык уюмдардын баяндамаларында Түркмөнстан сөз эркиндигин дайыма бузган мамлекеттердин тизмесинин алдынкы сабында турат.