Жарандык активист, журналист Канышай Мамыркулова өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевди район аралык сотко берди. Мамыркулова бул мамлекеттик кызматкерлер “Шалаакылык” беренеси менен жоопко тартылышы керек деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:
- Бул жерде “Шалаакылык” беренеси менен жоопко тарткыдай материалдык чыгым жок. Бирок Баш мыйзамдын 90-беренесинде "Кыргыз Республикасында токтомдор, мыйзамдар аткарылууга тийиш" деп көрсөтүлгөн. Булар болсо сунуш кылып эле коюп жатышат. Бул ыр кесе эмес, кааласа ырдап, болбосо жок дегендей.
Канышай Мамыркулова Бишкек мэри Азиз Суракматов менен телефондон сүйлөшкөнүн, жакында аны менен жолугушарын билдирди.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев “Кыргызтесттен” өтүшү керек” деген журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карап, тестирлөөдөн өтүүнү сунуш кылган токтом кабыл алган.
Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн айтып, сотко да арызданган. Активисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, “Кыргызтест” өткөрсө мыйзамдуу болмок.
31-июлда жалгыз талапкер Азиз Суракматов тил боюнча сынактан өтүп, комиссия бир добуштан “ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын “эл”, “шаар” деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган. (TSh)