"Bellingcat": Скрипалдарды ууландырган экинчи шектүү да "Орусиянын баатыры"

Александр Мишкин Британияга Александр Петров деген ысым менен барган.

Бул тууралуу "Bellingcat" иликтөө тобу 9-октябрда Лондондон жарыялады. Алардын маалыматына караганда, Александр Мишкинге “Орусиянын баатыры” наамы 2014-жылы ыйгарылган.

- Путиндин калпын экинчи ирет кармадык. Биз аныктаган кылмышка шектүүнүн экинчиси да "Орусиянын баатыры". Ал сыйлыкты Путиндин өзүнөн алган, - деди "Bellingcat" тобунун негиздөөчүсү Эллиот Хиггинс.

Алар аныктагандай, Александр Мишкин - кесиби боюнча аскердик дарыгер жана Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкери.

Орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырууга шектүүнүн экинчисинин чыныгы аты Александр Мишкин экенин да "Bellingcat" иликтөө тобу аныктаган.

Мурдараак "Bellingcat" биринчи шектүүнүн чыныгы аты Александр Чепига экенин, ага да “Орусиянын баатыры” наамы 2014-жылы берилгенин билдирген.

Британиянын бийлиги мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын “Новичок” химиялык заты менен Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы – ГРУнун эки агенти ууландырганын, алардын ысымдары Александр Петров жана Руслан Боширов экенин жарыялаган.

Орус президенти Владимир Путин бул маалыматтарга комментарий бергенде Британия кылмышка байланыштуу шек санаган адамдарды “жөнөкөй жарандар” деп ырастаган.

Скрипалдар быйыл мартта Солсбери шаарында ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта бою жатып чыгышкан. Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында турганы үчүн Орусиянын бийлигин күнөөлөгөн, Москва болсо дооматтарды четке каккан. Ууландыруу окуясына байланыштуу АКШ август айда Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизген. (UE)