Түп районунда 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган адамды өлтүрдү деп айыпталган адам камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 8-октябрда Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барган. Күбөлөр ошол күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында 78 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылганын айтышкан. Бул жоруктун үстүнөн чыккан жабырлануучунун 30 жаштагы уулу мас абалдагы жергиликтүү тургунду күч менен короого алып чыгып, катуу сабап салган. Жаңжал болуп жаткан жерге барган кошуналары милицияга кабар берген.
Денесинен оор жаракат алган киши райондук ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбей көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү да ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү") боюнча иш козголду.
Ал эми зордуктоого аракет кылуу фактысы Тоң райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (AsM)