Айтматовдун 90 жылдыгы Британияда белгиленди

"Саманчынын жолу" повестинен үзүндү.

Кыргызстандын Британиядагы элчилиги Страдфорд шаарындагы Шекспир фонду менен бирге “Айтматовду окуу” иш-чарасын өткөрдү.

Элчи Гүлнара Искакова салтанаттын ачылышында Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат бергенин “Азаттыкка” билдирди. Кыргыз жана британ актерлорунун аткаруусунда “Саманчынын жолу” повестинен театрлашкан үзүндү коюлду.

Британиялык көрүүчүлөргө Кыргызстанды таанытуучу видео роликтер тартууланды.

Британияда Айтматовдун 90 жылдыгы бир нече иш-чаралар менен белгиленип келет. Буга чейин элчиликтин демилгеси менен Лондондун мэри Садык Хан баштаган парламент өкүлдөрү Айтматовдун чыгармаларынан видео-үзүндү окушкан. (BCh)