Путиндин туулган күнүндө акцияга чыккандар камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургдун Дзержинский райондук соту Владимир Путиндин туулган күнүндө акцияга чыккан оппозициялык үч активистти административдик айыпка жыкты.

Кармалгандар 7-октябрда Восстание көчөсүнө “узак жыл түрмөдө” деген баннерди кармап чыгып Путинди туулган күнү менен куттуктаган.

Административдик айып катары активисттер Андрей Граф 15 күн, Влад Иванчо жана Иван Рубцов 10 күнгө камакка алынат.

Кармалгандардын төртүнчүсү Светлана Уткин Санкт-Петербург полициясынын 78-бөлүмүндө кармалып турат. Ал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгондуктан админстративдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

“Медиазона” интернет-сайтынын маалыматында, соттолгондордун бири Андрей Граф акциянын жанынан жөн эле өтүп бараткан.

Жекшемби күнү Москва шаарында дагы бир нече оппозициялык активист кармалган. Алар президенттин админстрациясынын имаратына Владимир Путиндин башкаруусундагы Орусиянын “жетишкендиктери” белгиленген өлкөнүн картасын алып барышкан.

Андагы активисттердин маалыматында, Орусия дүйнө жүзүндө жарандардын өзүн өзүн өлтүрүүсү боюнча төртүнчү орунда турат, 20 миллион киши жакырчылыкта жашайт, жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн 77% өлкөдөн чыгып кетүүнү каалайт.