Бишкектин Түштүк магистралындагы веложол ноябрь айында бүтөт

Кыргызстандагы велосипеддер. 1-апрель, 2018-жыл.

Бишкекте Түштүк магистралдагы Садырбаев көчөсүнөн башталган тротуар жана веложол Рысмендеев көчөсүнө чейин барат. Жалпы узундугу үч жарым чакырымды, туурасы бир жарым метрди түзгөн жолдун курулушу ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Велосипедчендер үчүн жол магистралдын эки жээгинде тең курулуп жатат. Мындан сырткары жөө адамдар үчүн да жол салынууда. Курулуштардын жалпы суммасы 55 млн. сомго бааланды. (TSh)