Рокерлерди чогулткан "Kuturgan Fest 2"

Фестивалдын күйөрмандары венгриялык EKTOMORF тобун чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. EKTOMORF Кыргызстанга биринчи жолу келди.

25 жылдык тарыхы бар рок тобу бул аралыкта 16 альбом чыгарып, "Wacken", "Summer Breeze" өндүү ири рок аянтчаларында талантын тартуулаган. Анын мүчөлөрү грув-метал, нью-метал жана улуттук цыган музыкасын ойношот. 

Фестивалга венгриялык топтон тышкары Кыргызстандын "Kashgar", "The Last Day Of Silence" жана Алматыдан "Zarraza" топтору катышты. Алар буга чейин эле Бишкекте өткөрүлчү рок кечелерине катышып келишкен. 

Казакстандык "Zarraza" тобунун гитаристи. Аталган топ тууралуу белгилүү "Metal Hammer" рок-журналы жазып чыккан. Алардын жаңы "Necroshiva" альбомун угармандар жакшы кабыл алган. 

"Kuturgan Fest" Бишкекте экинчи ирет өтүп жатат. Бул жолу фестиваль борбордогу "Асанбай борборунда" өттү.

Рок ышкыбоздору Бишкекте көп эмес. Алар бул сыяктуу фестивалдарда жылына эки-үч жолу чогулуп турушат.   

Рок жанрын аткаруучулар бул стиль адамдагы терс эмоцияны чыгарат деп ишенишет. Алар стереотиптердин дээрлик баарына каршы. Ошондуктан рокерлерде чачты узун кылып өстүрүү негизги шарттардын бири. 

EKTOMORF'дун күйөрмандары бул топ жеңил, угарманга бат жетчү чыгармаларды аткарарын айтышат. Алар топтун солисти Золтан менен чогуу ырдап жатышты.

"Эчки мүйүз" белгиси. Рок сүйүүчүлөрү бул белги терс күчтөрдөн сактайт деп ишенишет. 

Бишкекте өтө турган рок-фестивалга адатта күйөрмандар бир канча ай мурун даярдана башташат. Алар сүйүктүү тобунун сүрөтү, аталышы түшүрүлгөн кийимдерди кийип келишкен. Айтмакчы, кара түстөгү кийим - рокерлердин айырмалуу белгиси. 

Рокерлер бири-бири менен күрөшүп, аянтчаны тегеректеп бийлешет. Муну менен алар жамандыктан алыстап, ичтеги бугун чыгарууну каалашат. 

"Kuturgan Fest 2" бул жолу үч жүздөн ашык адам келди. Билет баасы 800 сомдон 3 миң
 сомго чейин жеткен.  

Рокерлер үнүн өктөм чыгарып, сезимин ичине катпай ырдашат. Алар ырдап жатканда аябай жаалдуу. Бирок күнүмдүк жашоодо сылык келишет. 

Дээрлик беш саатка созулган фестиваль кол тамга таратуу, фанаттар менен рокерлердин сүрөткө түшүүсү менен аяктады. Күйөрмандардын көбү көңүлдүү кетип жатканын байкадык.

Бишкекте 6-октябрда рок сүйүүчүлөрү үчүн "Kuturgan Fest 2" фестивалы өттү.