УКМК: Манас Арабаевге кылмыш иши козголгон жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевге карата кылмыш иши козголгону боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, социалдык тармактарда тараган 200 миң долларга пара алуу боюнча документ көчүрмөсүнүн Арабаевге тиешеси жок.

- Бул Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Улан Чалбаев өтө көп өлчөмдө пара алып жатканда кармалган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы процессуалдык документтердеги айтылган маалыматтарды текшерүү иштеринде болгон. Ал эми бүгүнкү күндө Арабаевге карата кылмыш иши жок, - деди Сулайманов.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым документтердин сүрөтү таратылып, ал Арабаевге козголгон ишке тиешелүү экени жазылган эле.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда "соттук иштерге кийлигишет" деген дооматтар айтылып келген.

Ал эми Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Улан Чалбаев 2018-жылдын 16-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган эле. (BkA)