Кыргызстандын Улуттук банкы “Росинбанктын” буга чейин күрөөгө коюлган акцияларын кайра каттоодон өткөрдү. Анын жыйынтыгында бул банктын 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өттү. Улуттук банктын тараткан маалыматы боюнча, “Росинбанк” 2018-жылдын башынан бери ликвиддүүлүк менен байланышкан мүшкүлдөргө туш болгон.
Мындан сырткары, Улуттук банк активдердин сакталышын камсыз кылуу жана операцияларды көзөмөлдөө үчүн быйыл июнь айында тике көзөмөл киргизген. Бирок банктын жетекчилиги финансылык абалын чыңдоо боюнча иш жүргүзгөнү үчүн Улуттук банк “Росинбанктын” активдерине кайра каттап, акцияларынын 71 пайыздан ашыгын өзүнө алды.
Учурда Улуттук банк “Росинбанктын” ишин чыңдоо, анын ичинде менежмент курамын кайра карап чыгуу, банктын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча бир катар иш жүргүзүүнү пландаштырып жатканын кабарлады.
2013-жылы кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын чечими менен чыгашага учураган "Залкар Банктын" 90 пайыз акциясын 198 миллион сомго орусиялык "Инвестторгбанк" сатып алган. Ал эми он пайызы Мамлекеттик мүлк фондунда калган. "Залкар банктын" негизинде "Росинбанк" түзүлгөн жана ал Кыргызстанда 2013-жылы иштей баштаган эле.
Жакында банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман “үч миллиард сомдон ашык мыйзамсыз акчаны адалдаган" деп айыпталып, камакка алынганы кабарланган. (BkA)