Бишкекте “Күз деми” деп аталган эл аралык марафон өттү

Эки миңге жакын адамдын катышуусунда 7-октябрда Бишкекте “Күз деми” марафону өттү. Жөө күлүктөр 5, 10, 21 жана 42 чакырым аралыкта күч сынашты.

Чуркоо Бишкектин четиндеги “Аска-Таш” мемориалдык комплексинен башталып, “Манас” аэропортуна чейин уланды.

"Күз деми": шамал менен жарышкандар

Быйыл биринчи жолу 42 чакырым аралык киргизилди. Эл аралык марафонго 20дан ашуун мамлекеттен келгендер жарышка түшкөнүн, алардын арасында майыптар да бар экенин уюштуруучулар билдиришти. Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес.

Марафонду "Тонус" уюму өткөрдү. (GT)