Курулушту тейлеген агенттиктин жетекчилик курамын өзгөртүү сунушталды

Курулуш иши. Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш иши. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясы өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердигин канааттандырарлык эмес деп тапты.

5-октябрда аталган фракция агенттиктин 2015-2018-жылдардагы иши тууралуу маалымат угуп, сын-пикирлер айтылды.

Талкуу жыйынтыгында депутаттар "ишкананын жетекчилик курамын кайра караш керек же кызматкерлерди толугу менен алмаштыруу кажет" деген бүтүмгө келди. Өкмөткө мекеменин төрагасынын жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрыкча социалдык объектилерди куруу жаатында өткөрүлгөн тендерлерде мүчүлүштүктөр бар экени белгиленди. Буга мисалы кылып, тендерде утуп алган курулуш компаниялары бирдей объектилер ар кандай баада курганы, каражаттын суммасында чоң айырмачылыктар бар экени айтылды. (SE)