Сенцов: 145 күндө 20 кг салмак жоготтум

Олег Сенцов дарыгердин кароосунан өтүп жатат. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Орус абагындагы украин режиссеру Олег Сенцов 6-октябрдан тартып ачкачылык акциясын аргасыздан токтотот. Анын адвокаты аркылуу берип жиберген каты "Новая газета" басылмасына жарыяланды.

"Саламаттыгымдын опурталдуу абалда турганына, ички органдарымдагы патологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу жакынкы убактарда мага күчтөп тамак бергени жатышат. Бирок менин оюмду эске алышкан жок. Мен өз саламаттыгымдын абалын жана ага карата коркунучту адекваттуу талдай албаган абалда имишмин", - деп жазат Сенцов.

Андан ары ал 145 күн ачкачылык кармап, 20 кг салмагын жоготконун, саламаттыгынан айрылганын, бирок максатына жетпегенин жазып, өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирет.

Режиссер Сенцов 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган.

Буга чейин Сенцовду тирүү кармап туруш үчүн колония кызматкерлери глюкоза менен витаминдерди куюп турушкан.

Аз мурда Жаза аткаруу кызматы режиссер ачкачылыгын токтотконун, ага атайын диета даярдалып жатканын билдирген.

2015-жылы Орусиянын соту Олег Сенцовду аннексияланган "Крым жарым аралында теракт даярдаган" деп 20 жылга эркинен ажыраткан. Режиссер күнөөсү жоктугун айтып келет. Акыркы айларда Сенцовду бошотуу талабы менен маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери акцияга чыгышкан.