Интерполдун жетекчисинин дайыны чыкпай жатат

Мэн Хунвэй.

Интерполдун президенти Мэн Хунвэйден кабар болбой жатканына байланыштуу Франциянын полициясы иликтөө баштады.

Ал 29-сентябрдан бери байланышка чыкпай жатканын "Reuters" агенттигине полициядагы маалымат булагы кабарлаган.

Маалыматка караганда, полицияга Хунвэйдин аялы кайрылып, күйөөсү Кытайга кеткенден бери байланыш үзүлгөнүн айткан.

Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 өлкө кирет. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун жетекчилигине 2016-жылы ноябрда шайланган. Ага чейин Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары болчу.