Майыптарды коргоодо акыл-эс кемтиги барларды да эске алуу зарылдыгы айтылды

Илюстарциялык сүрөт.

Майыптарга шарт түзүү боюнча программаларды иштеп чыгууда акыл-эс жагынан кемтиги барларды да эске алуу зарыл. Мындай сунуш бул күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык конференциянын жыйынтыгында кабыл алынуучу резолюцияда камтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен уюштурулган конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышып жатышат.

Жыйында майып адамдардын коомго аралашуусуна байланыштуу маселелер талкууланууда. Резолюцияда майып бала баккан ата-эненин да укуктарын коргоо, майыптарга укуктары тууралуу көбүрөөк маалымат берүү маселелери да камтылат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат. (RK)