Комиссия "Веганын" иш тажрыйбасы жок деп эсептейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия “Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” компаниясына карата даттанууну негиздүү деп тапты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” департаменттин башчысы Улан Өзүмбеков билдирди.

- "Иш тажрыйбасы жок" деп арызда көрсөтүлгөн. "Документалдык далилдер" деген да башка пункттар бар болчу. Комиссия ошолор боюнча чечим чыгарды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети эми өз чечимин чыгарышы керек болот, - деди Өзүмбеков.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Бирок “Веганын” “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндө далил документтери жок экенин даттануулар комиссиясына тендерге катышкан башка компаниялардын бири - “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы билдирген. Ал "Вега" жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу тажрыйбасына ээ эмес экенин айтып чыккан.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” быйыл жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирген.

"Вега" компаниясы бүгүнкү билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек. (TSh)