Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) баңгизат ташуунун эл аралык каналы аныкталганын кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 3-октябрда ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизат кармалды.
Кармалган адам чет өлкөнүн жараны болуп чыкты, анын жанынан табылган нашаанын салмагы 12 кг 810 гр түздү.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү адам атайын кызматтын тергөө абагына камалды. (RK)