Экотехинспекциядагы мыйзамсыз иштер аныкталды

Анара Мамбеталиева.

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу аталган инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунан кийин түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы боюнча президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта ошондой эле Мамбеталиева кызматтан мыйзамсыз алынганы белгиленген.

Мамбеталиева мекемедеги жемкордукка каршы чыкканы үчүн жумушунан айрылганын айтып чыккан болчу. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Анара Мамбеталиева менен жолугушуп, айткан фактылар кылдат иликтенээрин белгилеген. Кайрылууда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча мекеме аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Экотехинспекциянын эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерди сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча акча төлөнгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн материалдарына ылайык, 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом сыйлык катары төлөнгөн. Ошол сыяктуу эле 2017-жылы жалпы суммасы 2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлык жалпы суммасы 7 209 602 сомду түзгөн.

Андан тышкары, белгиленген укук актыларын бузуу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге материалдык жардам катары 2016-жылдан бери 3 625 691 сом бөлүнгөн.

Муну менен катар 2018-жылдын 1-сентябрына карата инспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396 113 сомду түзгөн.

Белектерди сатып алыш үчүн 45 миң сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, бирок тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө камсыздоочуларга 1 167 335 сом которулганы менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796 450 сомун гана түзгөнү ачыкка чыккан. Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370 885 сом ашыкча которулган, ал эми айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394 800 сом кайтарылууга тийиш.

Текшерүүнүн материалдарында мекемеде Эмгек кодексин жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамды бузуу менен бош административдик мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоолор болгону айтылат.

Мындан тышкары, Экотехмаминспекциянын жетекчилиги тарабынан антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жүргүзүлгөн эмес.

Бул фактылардын негизинде аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен инспекциядагы бир катар кызматкерлердин, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгууну, башкармалыктардын жетекчилеринен тартып, мекеменин башчысына чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды.

Комиссия иштеп жаткан учурда аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тийиштүү прокурордук чара көрүү актылары жөнүндө сунуш киргизилди. (КЕ)