Атамбаев: Бишкекти кыйроодон сактап калгандар абакта отурат

Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Борбор Азиядагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкцияланган деп эсептейт. Бүгүн Атамбаев “Бишкек ЖЭБиндеги авария: ушактар жана чындык” деген билдирүү таратып, бир катар мурдагы жетекчилер мыйзамсыз камалып отурганын айтып чыкты.

“Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн. долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду "ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан" деп айыптоого болот?” - деди Атамбаев.

Ал эми ЖЭБдеги авария тууралуу ал: “Коомчулукту "авария ЖЭБдин эски жагында эмес, реконструкцияланган бөлүгүндө болду" деп ишендирип коюшту. Бирок катардан 60-жылдары орнотулган эски жабдуулар чыккан болчу” деп билдирди.

Ошондой эле Атамбаев ЖЭБди оңдоп, "Бишкекти узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору жок калтыруучу кыйроодон сактап калгандар бүгүн камакта отурушат” деп кошумчалады.

ЖЭБдеги авариядан кийин Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча төмөнкүдөй пикирин айтты:

"Биздин комиссия реконструкция керек дегенге, насыя сурайлы дегенге каршылыгыбыз жок экенин айттык. Бирок долбоордун аткарылышы боюнча, наркынын кымбаттыгы тууралуу суроо пайда болду. Ошол мезгилде адис 600 долларлык аттишти айтып чыкканы эсиңерде. Демек, кандайдыр бир кызыкчылыктар болгон, наркы жогорулатылган деген оюбуз бар. Ошондуктан изилдеп, текшерип чыгуу керек. Долбоордун тагдырына президент (Алмазбек Атамбаев – ред.) министрлерге түзмө-түз буйрук берген. Ал эми Конституция боюнча президенттин андай укугу жок. Албетте, алардын партиясынын борбордук органынын бир топ кызматкери камакта отурса ал киши ошентип айтат да" дейт Масалиев.

Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай өкмөтү 386 миллион доллар насыя берген. Бирок быйыл кышында ишканада авария болуп, шаар тургундарынын көпчүлүгү дээрлик бир жума бою жылуулуксуз калган. Кийин ал насыянын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат. (RK)