Балдардын социалдык укуктары боюнча өкмөттүк саат өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку Кеңеште билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана спорт бөлүгүндө балдардын укуктарын ишке ашыруу жөнүндө өкмөттүк саат өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 312 бала жашайт. Алардын 51 пайызы эркек бала. Ал эми 7 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 75 миң. 7-14 жаштагылары 946 миң, ал эми 15-17 жаш аралыгындагы 291 миң бала бар. Балдардын 69 пайызы айыл жеринде жашайт. Өткөн жылга караганда балдардын саны 49 миңге көбөйгөн.

Өлкөдө жакырчылык менен жумушсуздуктан улам мектепке бара албай жаткан балдардын укугу бузулуп жатканы айтылып келет.

Учурда Кыргызстандагы интернаттарда 11 миң 422 бала тарбияланат, булардын 5% томолой, калганы тирүүлөй жетим. Иликтөөгө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда. (КЕ)