Караколдо тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү кармалды

Тинтүү учурунда табылган материалдар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) ИИМ менен чогуу жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өлкөдө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун эки мүчөсүн кармашты.

Жашы 44 жана 25теги Кыргызстандын жарандары "халифат" орнотууну көздөп, өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Кармалгандардын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, тыюу салынган идеологиялык мазмундагы бир топ электрондук жана басма түрүндөгү үгүт материалдары табылган.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси ("Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу") менен кылмыш иши козголду. Аталган беренеге ылайык айыпталуучулар жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.