Бишкекте кичи автобус инспекторду коюп кетти

Инспекторду сүзгөн кичи автобус.

Бишкекте Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын инспекторун кичи автобус коюп кетти. Автоунаанын соккусунан 10 метрдей учуп кеткен тартип сакчысы ооруканага жаткырылганын аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 1-октябрда саат тогуздан өткөндө болгон. Жабыркаган инспектордун шеригинин айтымында, милициянын старшинасы Султаналиев атайын сызыктан өтүп бараткан окуучуларга жардамдашуу максатында жолго чыккан учурда ылдам келаткан "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус коюп кеткен.

Кичи автобустун маңдайкы айнегине жарака кеткен. Айдоочу кармалып, автоунаа айып токтотмого киргизилгени кабарланды.