Польшада баш калка алууну каалаган тажик жарандары көбөйдү

Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар.

Быйыл Польшадан баш калка алууну каалаган тажикстандыктар көбөйдү. Бул тууралуу Польшанын Чет өлкөлүктөрдүн иши боюнча администрациясы билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, жыл башынан бери Европанын бул өлкөсүнө баш калка берүү өтүнүчү менен 121 тажик жараны кайрылган. Бул былтыркы жылдын тогуз айындагы көрсөткүчкө салыштырганда 16 пайызга көп. Анткен менен Варшава тажикстандыктардын мындай өтүнүчтөрүн канааттандырууга шашылган жок. Быйыл 10 тажик жараны гана баш калка алып, 45инин өтүнүчү четке кагылган.

Польшадан баш калка сурагандардын саны боюнча Тажикстан Украина менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турары кабарланууда. Былтыр Польша мындай өтүнүч менен кайрылган 154 тажикстандыктын ичинен жети адамга гана баш калка берген. Алардын көбү мекенинде саясий көз карашынан жана диний ишениминен улам куугунтукка кабылганын билдиришкен.

Европа өлкөлөрүнөн баш калка сураган тажик жарандарынын саны 2015-жылы Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы террористтик деп табылгандан кийин көбөйгөн. Тажик бийлиги бул партиянын жетекчилигин "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган" деп айыптап келет.

Eurasianet.org сайтындагы маалыматка ылайык, 2017-жылы баш калка берүү өтүнүчү каралганга чейин эле Польшадан 189 тажик жараны чыгып кеткен. Буга бир нече фактор, анын ичинде тажикстандыктардын тил билбегендиги жана жумуш орундарынын жетишсиздиги себеп болгон.