Ардагер балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында коло байге алды

Чынарбек Изабеков жана Петер Фредерик Ду Преез эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында. 9-октябрь, 2016-ж. Валбжих, Польша.

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков ушул күндөрү Македониянын Скопье шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медал тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 29-сентябрда 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында 100 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Изабеков төрт беттеш өткөрдү.

Алгач чейрек финалда болгариялык Стефан Иванов Георгиевди 2:1 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда орусиялык Виталий Перфильевге бир упайдын айырмасында жеңилди (2:3). Андан соң коло байге үчүн түштүк африкалык Петер Фредерик Ду Преез менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул балбандар буга чейин эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу таймашып, эки беттеш тең кыргызстандыктын пайдасына аяктаган (2016-ж. 41-45 жаш. 97 кг. Квалификация. 6:1, 2017-ж. 46-50 жаш.1/4 финал. 100 кг. 8:5).

Чынарбек Изабеков жана Петер Фредерик Ду Преез эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында. 9-октябрь, 2016-ж. Валбжих, Польша.

Изабеков ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына ушуну менен 4-жолу катышты. Буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону болуп (2015-ж. 41-45 жаш. 85 кг., 2016-ж. 41-45 жаш. 97 кг.), бир жолу күмүш байге алган (2017-ж. 46-50 жаш. 100 кг.).

48 жаштагы Чынарбек Изабеков СССРдин чемпиону болгон. 18 жашында жаштар арасында дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынган. 21 жашында ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын токтоткон.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан барып, Кыргызстандын эсебине эки коло байге жазылды.

56-60 жаштагылар арасында 78 кг. салмакта күч сынашкан экс-министр Мелис Турганбаев коло медал тагынды.

51-55 жаштагылар арасында 70 кг. салмакта күрөшкөн Талант Бегалиев жарым чейрек финалда жапониялык балбанга жеңилип, мелдештен чыгып калды.

46-50 жаштагылар арасында 70 кг. салмакта күрөшкөн Кубан Эркимбеков коло байге үчүн таймашта молдовалык Марин Хамозага жеңилди. Эркимбеков коло байге үчүн күч сынашууга чейин германиялыктар Гуннар Спрункту (5:0), Стефан Пентсчюну (8:1) жеңип, жарым финалда монголиялык Нямдорж Хаянхяарвага жеңилип калган эле. (ECh).