АКШ: Жогорку соттун судьялыгына талапкерди ФБР текшерет

Бретт Кавано.

АКШ Жогорку сотунун судьялыгына талапкер Бретт Каваного карата айыптарды Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) иликтейт. Иликтөө 5-октябрга чейин аякташы керек. Андан соң Каванонун талапкерлигин АКШнын Сенаты карайт.

28-сентябрда Бретт Каванонун талапкерлигин Сенаттын юридикалык маселелер боюнча комитети жактырган. Добуш берүүгө Сенаттын республикачы мүчөлөрү гана катышты. Демократиялык партиянын мүчөлөрү нааразылык иретинде жыйындан чыгып кетишти. Республикачы Жефф Флейктин добушунун негизинде гана Каванону комитетте өткөрүүгө мүмкүн болду. Флейк судьяга талапкерге коюлган айыптоолорду ФБР иликтесе гана жыйынга катышууга макул болгон.

Бретт Каванону 1980-жылдары студент кезинде сексуалдык ыдык көрсөткөн деп үч аял айыптаган. Алардын бири, психологиянын профессору Кристин Блэзи Форд сенатта көрсөтмө берди. Кавано бул айыптарды четке кагып, студенттик кечелерге катышпаганын айтууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Каванону Жогорку соттун судьялыгына Энтони Кеннединин ордуна сунуштаган. Демократтар эгер Кавано судья болсо Жогорку сотто республикачылардын таасири күчөйт деп кооптонууда.

Ал эми Ак үй болсо Бретт Каваного карата айыптарды четке кагып, муну демократтардын куру дооматы катары баалоодо.